Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 178/22-6
Шаар тазалыгы жана таштанды маселеси боюнча Талас шаарынын А.Оторбаев Токтогул жана Садовая Манас көчөлөрүнүн тургундарынын колу коюлган кайрылуусу жөнүндө
Талас шаарынын А..Оторбаев Токтогул жана Садовая Манас көчөлөрүнүн тургундарынын колу коюлган кайрылуунун негизинде Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып. КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2 пунктунун 16-пунктчасына ылайык, Талас шаарында тазалыкты камсыздоо жана көрктөндүрүү максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында тазалыкты камсыздоо жана таштандыларды өз убагында чыгаруу боюнча тиешелүү денгээлде иш жүрбөгөндүгү белгиленсин жана төмөндөгү талаптар коюлсун:
- Талас шаарында борбордук чөлкөмдөрдө таштанды топтоочу жайлар кескин азайтылсын жана шаар ичинде таштанды ташуучу техникалардын иштөө графиги такталып, маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
- Садовая, Манас, Оторбаев Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги облустук бажыкананын жанындагы таштанды топтоочу жай толук кандуу тазалансын жана ал жерге таштанды төгүүгө тыюу салуу иш чаралары иштелип чыгып, аткарылсын.
- Талас шаарындагы борбордук чөлкөмдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы таштанды төгүүчү жайлар тез арада тартипке келтирилсин жана Талас-Сити дүкөнүнүн арты, облустук нотариустун тегереги жана Аалам кафесинин жаны тиешелүү мекемелер тарабынан көзөмөлгө алынып, таштанды төгүүгө катуу тыюу салынсын.
2. Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын вице мэри (. А.Койчубеков) жана Талас шаардык аймактык өз алдынча башкаруусу (жет.К.Молдогазиев) Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси (Ш.Токтомушев) Талас шаарынын тазалыгын камсыздоо жана көрктөндурүү иш чараларын күчөтсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Осмонов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |