Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 172/22-6
Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндөгү №323 дарегиндеги темир алуу пункту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-беренеси, 66-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-бөлүмчөсү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамы, 31-беренесинин 16,17 пункттары, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимине ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусу боюнча Мамэкотехинспекция башкармалыгы (жет.Э.Мейманалиев) Кыргыз Республикасынын административдик кодексинин 459-беренесин менчик ээсине колдонуу менен мыйзам талаптарынын чегинде Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүнүн №323 дарегинде жайгашкан темир алуу пунктунун иши 2015-жылдын 15-июнунан баштап токтотулсун жана 2015-жылдын 1-июлуна чейин башка жакка көчүрүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын биринчи-вице мэрине (А.Койчубеков) тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Осмонов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |