Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 185/22-6
Муниципалдык менчиктеги керектен чыккан автоунааларды темир баасында сатууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-бөлүмчөсүнө, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2009-жылдын 28-октябрындагы 75/12-5 токтомуна жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимине ылайык, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын муниципалдык менчиктеги керектен чыккан төмөңкү автоунааларын темир баасында сатууга макулдук берилсин.
- Опель “Оскона” 1984-ж.
- Москвич ИЖ27-15 1971-ж.
- Жигули ВАЗ 21-03 1975-ж.
2. Талас шаарынын Муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрине өзгөртүү киргизүү жана аталган автоунаалардын техникалык паспортторун жараксыздандыруу жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |