Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 118
2015-жылдын 4-майындагы Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыптынын кезектеги X сессиясынын №101 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Т.Жолдошовдун билдирүүсүн, Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 19.06.2015-жылдагы 470-11/1-Зд-15 сандуу каршылык билдирүүсүнө жана туруктуу комиссиялардын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл айамгына караштуу Кайырма айылындагы Адишбаев Гуламдын үйүнөн Төлөнов Акылбектин үйүнө чейинки көчөгө эмгектин ардагери Садыков Надирбектин атын коюy боюнча 2015-жылдын 4-майындагы Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №101 сандуу токтому Кыргыз Республикасыпын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон откоруу тартиби жөнүндө" Жобосунун талаптарына туура келбегендиктен жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 29-беренесине ылайык рамий жарыялоо жана адилет башкармалыгынан каттоодон откоруу Акман айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Акман айылдык кеңешинин төрагасы милдетин аткаруучу |
Т.Р. Жолдошов |