Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 123
Акман айылдык кеңешинин депутаттары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутат А.Мергенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" 2011-жылдын 15-июлдагы Кыргыз Республикасынын №101 мыйзамынын 4-беренесинин 7-пунктуна, 2000-жылдын 103-январындагы № 3"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу женүндө" 3-беренесине, 2014-жылдын 25-февралындагы Акман айылдык кеңешинин регламентинин 16-беренесине 11-пунктуна ылайык Акман айылдык кеңешинин сессияларына 4 жолудан ашык себепсиз катышпаган Акман айылдык кеңешинин депутаттары Маматкулов Акылбек, Карабаев Кеңеш, Кекенов Марселдин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтом жарыялангап күндөн баштап күчүнө кирет.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы милдетин аткаруучу |
Т.Р. Жолдошов |