Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 125
Акман айыл аймагынын ардактуу атуулу наамына көрсөтүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловдун сунушуна негиз туруктуу комиссиянын билдируусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын социалдык-экономикасын көтөрүүдө айыл аймагынын инвестициялык иштерине уюштуруучулук менен катышып демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн 2015-жылдын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендуулук күнүнө карата төмөнкү Акман айыл аймагынын атуулдарына "Акман айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылсын.
- Текебаев Омүрбөк Чиркешович Ата Мекен партиясынын лидери.
- Салибаев Абдугапар Жараке айылы. Эмгектин ардагери.
- Атакулов Амирбек Токторбаевич Акман айыл өкмөтүнүн башчысы.
- Самидинов Сыдыкбек Пазылович Колот айылынын айыл башчысы.
- Дарманкулов Осмонбек Шамшиевич Акман айылдык кеңешинин депутаты.
- Өсөркулов Актилек Абдулмомунович Акман айылдык кецешинин депутаты.
- Токтокараев Топчубай Касымович Колот айылы. Ишкер
- Кокумов Кубаныч Абдыкадырович Жалал-Абад ИИБнын тез чара көрүүчү атайын отрядынын күжүрмөн кызматка даярдоочусу, ага инспектор-милициянын ага лейтананты.
- Ибраимов Исмаил Жаныбекович №6 Осмонов мектебинин мугалими.
- Абдразаков Иманалы Акман айылдык аксакалдар кеңешинин төрагасы.
- Сатылганов Акматали Кош-Коргон айылы. Ишкер.
- Боронбаева Кишим Өсөровна Акман айылдык кеңешинин депутаты.
2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл аймагынын башчысы А. Атакуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы милдетин аткаруучу |
Т.Р. Жолдошов |