Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 126
Акман айыл аймагынын 2015-жылдын атайын каражат эсеп счетунун киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Таштановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Акман айыл аймагынын 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин, 2015-жылдын 2 кварталында 108700 сом акча каражаты Б.Абдыракманова башталгыч мектепке тосмо үчүн каралган, бирок проект сметасы кирбей калгандыгына байланыштуу №35 Т.Исаков мектептин ашканасынын чатырын жабуу үчүн 3 кварталга которулсун.
-Р-70921 НШ ст:31 1 1-108700 сомго сомго азайтылсын.
-Р-70921 СШ ст:31 11-66138 сомго көбөйтүлсүн.
-Р-70111 ст:3111 -42562 сомго азайтылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы милдетин аткаруучу |
Т.Р. Жолдошов |