Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 25
Колот айылынын көчөсүнө Ажиматов Ысмандыи атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо. алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Колот айылынын Чотонов Кубанычтын үйүнөн Кожоназаров Турдукулдун үйүнө чейинки көчосүнө согуштун ардагери Ажиматов Ысмандын аты ыйгарылсын.
2. Согуштун ардагери Ы.Ажиматовдун аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча уюштурул иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеггендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы милдетин аткаруучу |
Т.Р. Жолдошов |