Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 128
Акман айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин төрагасы А. Маматкуловдун билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү" 2011-жылдын 15-июлундагы № 101-мыйзамын жетекчиликке алып, ошондой эле мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиянын кортундусунун негизинде Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айылдык кеңешинин 2008-жылдын 13-октябрындагы №1 "Акман айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндөгү" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын Регламенти бекитилсин (№1- тиркеме).
3. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы Регламенти Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасьтнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Акман айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы Регламентин Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 28-беренесине ылайык мамлексттик Реестрине киргизүү максатында Жалал-Абад облустук Адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 29-беренесине ылайык расмий жарыялоо жана адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Акман айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы милдетин аткаруучу |
Т.Р. Жолдошов |