Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-январы № 11/1
Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин,”Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет” деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап депутаттардык Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Айылдык Кеңешинин аймагында жашаган жарандардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык Кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык Кеңештин сессиясындаченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилге которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңкш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби , Кенештердин иштери, депутаттык этика , коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |