Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XI сессиясы
2013-жылдын 17-январы № 11/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчылык кызмат ордуна ( талапкер ) көрсөтүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-49-беренелерине жана “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө жобого” ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчылык кызмат ордуна талапкер болуучуларды мыйзам, жоболорун талаптарына негиздеп, талкуулап Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1960-жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку, адистиги инженер-механик, Пор айылынын тургуну, учурда Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан, муници-палдык кызматта 16 жыл стажы бар Рысбеков Турдумаматтын талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Ушул көрсөтүлгөн талапкерди Кеңеш айыл өкмөтүнүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер катары каттоо жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |