КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XII сессиясы
2013-жылдын 29-январы № 12/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндөгү” жобонун тартиптерине ылайык Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин регламентин негиз кылып депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн № 1, 2-протоколдорун эске менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Рысбеков Турдумамат Мамасалиевич айылдык Кеңешинин шайланган мөөнөтүнө шайлангандыгы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |