Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XIII сессиясы
2013-жылдын 13-февралы № 13/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык–экономикалык өнүгүүсүнүн 2012-жылдагы жыйынтыктары жана 2013-жылга карата милдеттери жөнүндө Кеңеш айыл өкмөтүнүн отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесинин 2-б,пунктунун, 48-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2012-жылга карата жыйынтыктары жана 2013-жылга карата милдеттери жөнүндөгү Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековдун отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2012-жылга карата жыйынтыктары жана 2013-жылга карата милдеттери жөнүндөгү Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековдун отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилосин:
- 2013-жылы кичи жана орто бизнести өнүктүрүү менен айыл өкмөтү ички мүмкүнчүлүктөрдү резервтерди, пайдаланып жана чет элдик инвестицияларды тартуу менен бирге өнөр жай товарларын чыгарган ишканалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана аларга жагымдуу шарт түзүү менен өнөр жай продукциясын чыгарган ишкана ачуу аркылуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү жагын колго алууну:
- социалдык инфраструктураны көтөрүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча тынымсыз иш аракеттерди көрүү:
- айыл өкмөтунун аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарды ишке ашырууну:
- жамааттык жана өз ара жардамдашуу топтору , аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терең байланышта иш алпарууну:
- калкты таза суу, сугат суу менен камсызкылууга, жайыттарды эгин талааларды коргоону жөнгө салууну:
- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюуну:
- ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтирүү маселелерин колго алуу жактары милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин курулуш , транспорт, соода, байланыш , инвестиция , энергетика, социалдык – экономикалык онугуунун болжолдуу багыттары боюнча туруктуу комиссиясы тарпшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |