Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XIII сессиясы
2013-жылдын 13-февралы № 13/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердине ижаралык төлөмдүк баасын жана келишимдик мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижаралык төлөмдөрүнүн баасын жана келишим мөөнөтүн белгилөө жөнүндө депутаттардын Кеңеш айыдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижаралык төлөмдөрү 1 гектар жер аянтына төмөндөгүдөй баа менен бекитилсин.
1). Сугат айдоо - 1500 сом,
2). Кайрак айдоо- 400 сом,
3). Чөп орунду - 500 сом,
4). Бак - 500 сом.
2. Келишимдик мөөнөттөр 5 жылга чейин түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин социалдык-маданий , ком- муналдык менчик, маалымдуулук , жаштардын иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |