Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XIII сессиясы
2013-жылдын 13-февралы № 13/3
Кеңеш айыл өкмөтүнө келип таркатылган гуманитардык жардамды мыйзам чегинде таркатылгандыгын кароо жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнө келип таркатылган гуманитардык жардамды мыйзам чегинде таркатылгандыгын карап, талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө келген гуманитардык жардамды критерийдин негизинде ар бир тийиштуу үй бүлөгө таркатып берүү жагы белгиленсин.
2. Гуманитардык жардамды таркатып берүү үчүн төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн.
1. Оморова А. –Айыл өкмөтүнүн соц. адиси, комиссиянын төрайымы,
2. Капарова Ж. – Райондук соц. коргоо кызматкери, комиссиянын мүчөсү,
3. Асилбеков Б. – Кеңеш айылынын башчысы, комиссиянын мүчөсү,
4. Токоев Ж. – Пор айылынын башчысы, комиссиянын мүчөсү,
5. Калдаров Э. - Айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү,
6. Акматалиева К - Айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү,
7. Апиева Г. – Айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
3. Бул токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби , Кенештердин иштери, депутаттык этика , коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |