Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XIV сессиясы
2013-жылдын 28-марты № 14/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы жана экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Сулаймановдун отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2012-жылга карата бюджетинин аткарылышынын негизги көрсөткүчтөрү өз денгээлинде экендиги белгиленсин жана айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы А.Сулаймановдун отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы киреше бөлүгү 12026,2 миң сомго, чыгаша-лар бөлүгү 12026,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы киреше бөлүгү менен чыгашалар бөлүгү 12062,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Кеңеш айыл өкмөтүнө тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан норматив-дик актылардын негизинде, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн баалардын деңгээлдеринин, инфляциясынын деңгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөрүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөрүүлөр айылдык аймактык Кеңеши нин сессиясында каралып, беките тургандыгы белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Сулаймановго депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин социалдык-маданий , ком- муналдык менчик, маалымдуулук , жаштардын иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |