Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XIV сессиясы
2013-жылдын 28-марты № 14/2
Кеңеш айылдык аймагынын жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аянттарын бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыттары Карагуз айыл өкмөтү, Кара-Кулжда айыл өкмөтү менен чектешет. 2013-жылдын № 1-актыларына ылайык чектешкен участкалар талашулар, пикир келишпестиктер жок экендигин угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык аймагынын жайыттарынын сырткы чек аралары Карагуз жана Кара-Кулжа айыл өкмөтү менен чектешкен чек аралары бекитилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жалпы жайыттарынын аянты 3981,7 га бекитилсин.
3. Бул токтомдо көрсөтүлгөн чек ара жана жайыттардын аянттарын макулдашуу жагы Кара-Кулжа райондук жайыттарды тактоо боюнча комиссиясына сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жайыт Комитетинин төрагасы жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин агрардык , азык –тулук ,жер жана ресурстарды,жаратылышты коргоо бонча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |