Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XVI сессиясы
2013-жылдын 27-майы № 16/1
Кеңеш айыл өкмөтүндө болуп жаткан тартип бузуулар жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүндө болуп жаткан мул урулук, ыксыз ыгым-чыгымдарды жана терс көрүнүштөрдү четтетүү боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековдун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл өкмөтүндө болуп жаткан мал урулукка бөгөт коюу максатында учасковойдун коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
2. Кеңеш айыл өкмөтүндө болуп жаткан терс көрүнүштөрдү азайтуу үчүн түзүлгөн комиссиялар менен иштөө жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Күн тартибинде каралган терс көрүнүштөрдүн четтетилишин жалпы көзөмөөлгө алуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөөлдө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби , Кенештердин иштери, депутаттык этика , коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |