КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XVI сессиясы
2013-жылдын 27-майы № 16/2
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-бөлүгүнүн 5-статьясынын негизинде жергиликтүү салыктардын жер салыгы жана 1,2,3 жана 4-мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-бөлүгүнүн 5-статьясынын негиз, жергиликтүү салыктардын түрлөрүү: жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 жана 4-группадагы салыктарын 2014-жылдын 1-январынан баштап киргизүү жөнүндө депутат-тардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-бөлүгүнүн 5-статьясынын негиз, жергиликтүү салыктардын түрлөрүү: жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 жана 4-группадагы салыктарын 2014-жылдын 1-январынан баштап Кеңеш айылдык аймагына киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Ж.Аракеевге жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин социалдык-маданий , коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |