Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-майы № 6-2
Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү айылдын көчөлөрүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишембиликтерди өткөрүү жөнүндө
Айылдык округунун аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, айылдын көчөлөрөн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишембиликтерди өткөрүү боюнча айыл округунун башчысынын орун басары М.Асановдун жана талкууга катышкан депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун аймагындагы айылдарда жазгы талаа жана көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү айылдын көчелөрүн. арыктарын тазалоо жана ишембиликтерди өткөрүү боюнча айыл аймагынын айыл башчыларынын, мекеме-ишканалардын жана мектептердин жүргүзүп жаткан иштери белгиленсин.
2. Айылдык округунун аймагынын айыл бащчыларына , дыйкан жана фермер
чарбаларына жазгы талаа иштерин аткарууда айыл өкмөтүнүн жер адистери менен тыгыз байланышта болуп, мал чарбасындагы жана талаачылыкта илимдин акыркы жетишкендиктерин иш жүзүндө пайдалануу менен алгылыктуу иштерди алый барышсын.
3. №10, 23 /БДТдын жетекчилерине, мектеп директорлоруна, № 54 -КЛ директоруна, коомдук уюмдарга, айыл башчыларга мындан ары мекеме-ишканалардын айланасын жана айылдардын къчълър\н көрктөндүрүү. арыктарын тазалоо жана ишембиликтерди өткөрүүдө жүргүзүп жаткан иштерин күчөтүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата айылдык кеңештин төрагасы |
К. Назарбаев |