Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Кулатов айылдык кеңешинин V чакырылышынын XIX кезектеги сессиясы
2014-жылдын 26-декабры № XIX-1
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу, композитор, профессор Г.Садыбакасованын 60 жылдын юблейине акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу, композитор, профессор Г.Садыбакасованын 60 жылдык юблейине карата айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу, композитор, профессор Г.Садыбакасованын 60 жылдын юблейине жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |