Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Кулатов айылдык кеңешинин V чакырылышынын XIX кезектеги сессиясы
2014-жылдын 26-декабры № XIX-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын 2015-жылга төлөмүн көбөйтүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын
2015-жылга төлөмүн көбөйтүү жөнүндө, 2014-жылдын 15-декабрындагы № 6 токтомунда жалпы ата-энелер 2015-жыл үчүн өз ыктыярлары
менен ар бир балага ай сайын 500 сомдон төлөнүүчү ввзносту тамак аш үчүн төлөп берүү жөнүндөгү чечими тууралуу балдар бакчасынын
башчысы А.Айдарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринин 2014-жылдын
2. 15-декабрындагы № 6 токтому бекитилсин. Ата-энелерден акча каражатын жыйноо жана аны банкка төгүү жагы ата-энелер комитетине жүктөлсүн.
3. С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын башчысы А.Айдаровага балдар бакчага керектелүүчү азык-түлүк каражаттарын тандоодо жана
4. норма менен өз убагында берилишине жооп берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Көчкөновго тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |
12.2014-жыл Кожо-Арык айылы
Жыйынга катышканы : 68 адам
Каралуучу маселе:
1. С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөөлөрү жөнүндө.
Угулду: Балдар бакчасынын ата-энелер комитети М.Шамшиева тарбияланып жаткан балдарга күнүмдүк тамак-ашын каржылоо үчүн буга чейин төлөнүп жүргөн 300 (үч жүз) сом акча каражаты азык түлүктүн баасынын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу жетишпегендиктен, ата-энелердин төлөмдөрүн жогорулатып берүү керек экендиги жөнүндө сунуш менен ата энелерге кайрылды.
Чыгып сүйлөгөндөр:
1. Жунусова Санабар –ата-зне:
-Урматтуу ата-энелер! Мен өткөн жылда ата –энелер комитети болуп иштедим. Сиздерберген 100 сомго нан менен камсыз кылып турдум өзүнүздөр көрүп тургандай бакчага ашкана курулуп бүткөнү калды.
Жетекчинин аракети менен ашканага мебелдер келип жакшы шарттар түзүлөт.
Биз, ата-энелер, балдардын взносун 500 сомго көтөрсөк,эртен менен чайдын ордуна күрүчтөн,макарондон,гречкадан каша бышырып берсенер
2. Эминова Давлет- ата-эне:
-Мен балдар бакчасында иштеп жаткан кызматкерлегре чон ыраазычылык билдирем. Тамак-ашты бышырып берген ашпоздун тамагы эн жакшы.Ушундан жазбай иштей бериниздер.
Балдарга 3 маал ыссык тамак берсениздер, ата-энелер 500 сомду колдойбуз, бөлүп келсе 1 айга 21-22 сомдон гана туура келет.
3 маал тамакка бул сумма да аздык кылат. Айыл өкмөттөн да 5-6 сом кошуп берүүсүн сурансаныздар.
3. Жаркынбаев Сагын- ата-эне:
-Мен жогорудагы 500 сомдук взноско макулмун. Өзүнүздөргө маалым болгондой конушу турган Караванда 1 күнгө 1 балага 40 сом, 1 айга- 880 сомдон туура келет. Бул акчаны алар өткөн жылда эсептеп чыгып төлөй башташкан. Өзүбүздүн эле Көк-Жар айыл өкмөтүндө дп 500 сомдон төлөнөт. Мен ата-энелерди ынтымакчылыкка,биримдикке чакырам. Взносту өз убагында ар бир айдын 5-чыслосуна чейин беришиниздерди сунуштайм.
4. Айтылган сунуштарды ата-энелерден:Самиева Каныгүл, Мадиярова Гүлжан, Абдуллаева Рахат,Каратаева Апиза колдоп макулдуктарын билдиришти.
Жогорудагы маселени угуп,талкуулап жалпы ата-энелер чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Эргешов атындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарды тамак-аш үчүн ар бир балага ата-энелерден 500 сом өлчөмүндө взнос алынсын
2. Ай сайын төлөнүүчү 500 сомдон төлөнүүчү взносту ар бир айдын 5-числосуна чейин тарбиячыларга алып келип берүү ата –энелерге милдеттендирилсин.
3. Токтомду бекитип берүү жагы Т.кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык Кенешинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын ата-энелер комитетине тапшырылсын
С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын ата-энелер комитети: |
М. Шамшиева |