Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) 7-заседаниеси
2013-жылдын 5-октябры № 2
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме ишканалардын жана калктын кышка карата даярдыгынын абалы жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын жана калктын кышка карата даярдыгынын абалы боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп, мекеме-ишкана жетекчилеринин жана айыл башчылардын билдирүүлөрүн талкуулап, Бүлөлү айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын жана калктын кышка карата даярдыгы боюнча бир топ иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. А Арзиев а. о. м, Бүлөлү айылдык маданият уйундо, Бүлөлү айылдык китепканасында, Чоң-Бүлөлү ФПсында комур сактоочу кампалардын (складдардын ) жоктугу белгиленсин.
3. Жогорудагы аты аталган мекеме-ишканаларга бир айлык мөөнөттүн ичинде көмүр сактоочу кампаларды куруу милдеттендирилсин.
4. Көмүр сактоочу кампаларды курууга айыл өкмөтүндө үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен которуп, берүүайыл өкмөтүнүн жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
5. Калкты кышка карата көмүр менен камсыз кылууну уюшкандыкта жүргүзүү айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жана туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Бүлөлү айылдык кеңештин төрагасы |
Р. Сарыбаев |