Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) 7 заседаниеси
2013-жылдын 5-октябры № 4
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (2012-жылдагы) 24-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып жана Чоң- Бүлөлү айылынын шайлоочуларынын арызын эске алып айылдык кенештин депутаты Алайчиев Кулмамат Калмаматовичтин депутатык мандатын токтотуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (2012-жылдагы) 24-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып жана Чоң-Бүлөлү айылынын шайлоочуларынын арызы менен таанышып, кеңештин катчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүлөлү айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (2012-жылдагы) 24-беренесинин 7-пунктунун негизинде айылдык кеңештин депутаты Алайчиев Кулмамат Калмаматовичтин депутаттык мандаты токтотулсун.
2. Айылдык кеңештин депутатыгына талапкердин кезектегиси Балтабаев Дастан Эркинбаевичтин муниципалдык кызматка өткөндүгөнө байланыштуу, кийинки талапкер Бекмурзаев Гулжигит Барынбаевичке депутаттык мандатты ыйгаруу Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айьшдык кеңештин катчысы Токтосунова Акберметке тапшырылсын.
Бүлөлү айылдык кеңештин төрагасы |
Р. Сарыбаев |