Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) 7 заседаниеси
2013-жылдын 5-октябры № 5/1
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагында «жер жана мүлк салыктарын» киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин 31-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 мыйзамынын З-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн салык инспектору Д.Балтабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүлөлү айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштан жер жана мүлк салыктары колдонууга киргизилип, жер жана мүлк салыктарын эсептөө үчүн КЗ - зоналык коэффициенти 1,0 болуп бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында жер жана мүлк салыктарын эсептоо жана жыйноо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кенештин туруктуу комиссиясына (А.Таабалдыевге) жана айыл өкмөтүнүн башчысына (Т.Абдраевге) милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү айылдык кеңештин катчысы А. Токтосуновага тапшырылсын.
Бүлөлү айылдык кеңештин төрагасы |
Р.Сарыбаев |