Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) 8 заседаниеси
2013-жылдын 21-октябры № 8/1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин 3-пунктуна ылайык Бүлөлү айылдык кеңешинин депутаты Жумабаев Кенжебай Тилебалдыевичтин депутатык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алыш, Бүлөлү айылдык кеңешинин депутаты Жумабаев Кенжебай Тилебалдыевичтин муниципалдык кызматка (айыл өкмөтүнүн айыл башчысы кызматына) өткөндүгүнө байланыштуу Жумабаевдин депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө жазган арызын (16.10.2013-ж) карап жана талкуулап Бүлөлү айылдык кеңешинин кезексиз 8- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айылдык кеңешинин депутаты Жумабаев Кенжебай Тилебалдыевичтин муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин 3-пунктуна ылайык Бүлөлү айылдык кеңешинин депутаты Жумабаев Кенжебай Тилебалдыевичтин депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кезекгеги депутаттыкка талапкер Алиев Турдубек Маматибраимовичке депутаттык мандатты берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Б. Токтосуновага тапшырылсын.
Бүлөлү айылдык кеңештин төрагасы |
Р. Сарыбаев |