Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) 9 заседаниеси
2013-жылдын 26-декабры № 1
Бүлөлү айыл өкмөтүндө 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча салыктардын топтолушунун жана бюджеттик каражаттардын аткарылышынын (мыйзамдуу пайдаланылышынын) абалын кароо жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүндө жылдын жыйынтыгы боюнча салыктардын топтолушунун жана бюджеттик каражаттардын аткарылышынын (мыйзамдуу пайдаланылышынын) абалы боюнча ФЭБ нин башчысы Б.Бабыевдин жана салык инспектору Д. Балтабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бүлөлү айылдык кеңешинин ( 5 -чакырылышынын ) 9 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айыл өкмөтүндө жылдын жыйынтыгы боюнча салыктардын топтолушунун абалы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүнн финансы-экономика бөлүмү тарабынан жыл ичинде бюджеттик каражаттарды аткарууда (мыйзамдуу пайдаланууда) кемчилдиктер кеткендиги белгиленсин.
3. Мектептердин көмөкчү чарбасынан түшүрүлгөн акча каражаттары ( Б. Нарматов a.o.м -7000 сом, А Арзиев а.о.м. - 8000 сом. Ж.Исаева а.о.м. - 8000 сом) айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетуна түшүрүлсүн.
4. Жогорудагы акча каражаттарын айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетуна токпогондугу үчүн мектептердеги чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына (К.Доороновго, Д.Караевага, С.Таабалдыевге) эскертүү берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдраевге жана ФЭБ нин башчысы Б.Бабыевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Бүлөлү айылдык кеңештин төрагасы |
Р. Сарыбаев |