Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы № 42/8-3
Токмок шаарынын ишканаларынын жана уюмдарынын колдонуудагы авто унаа каражаттарын сатуу жѳнүндѳ
Токмок шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. Ж.С.Джокаевдин Токмок шаарынын ишканаларынын жана уюмдарынын колдонуудагы авто унаа каражаттарын сатуу жѳнүндѳ өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы №10/4-3 токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы №10/4-3 токтомуна ылайык, эсептен чыгарылуучу авто унаа каражаттарын муниципалдык менчикти колдонуучуларга (“Токмок Водоканал” МИ, Токмок ш. Коммуналдык тшканалар комбинаты, Токмок шаардык билим берүү бѳлүмү, Токмок ш. маданият бѳлүмү) түз сатууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |