Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-апрели № 4
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын копчулугу жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Жерге-тал айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, http://jergetal.naryn-region.kg/ веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жерге-тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага чектелсин.
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Султаналиев |