Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кууганды айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 15-сессиясы
2015-жылдын 28-апрели № 2
Кууганды айыл окмотү боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын кароо жөнүндө
Депутаттардын Кууганды айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 15-сессиясы мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгы тарабынан жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 1- жана 6- бөлүктөрүндөгү айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын көбөйтүү үчүн сунушталган катын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кууганды айыл өкмөтү боюнча Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган Талас районуна тийиштүү болгон айыл чарба жерлерин пайдаландыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары Кууганды айыл өкмөтүндө өзгөртүүсүз калсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Сейиталиев О. |
Катчысы: | Муратова Р. |