Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кууганды айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 15-сессиясы
2015-жылдын 28-марты № 3
Айыл кеңешинин сессияларында иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү”мыйзамына ылайык Кууганды айыл аймагында“Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш чаралар жөнүндөгү ”Жарлыгын аткарууда айылдык аймактык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) жүргүзүүнү карап чыгып, Кууганды аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айылдык аймагында жашаган айылдардагы жарандардын дээрлик бардыгы кыргыз тургундар болгондуктан Кууганды айылдык аймактык Кеңешинин иш кагаздары мамлекеттик тилде кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы Кууганды айылдык аймактык кеңешинин жооптуу катчысына (Р. Муратовага) жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы | О. Сейталиев |