Загрузка документа…
СУЛУКТУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-июлу № 102
Сулукту шаарынын Боконбаев көчөсүндөгү коомдук борбордун дыкат пландоо долбоору жөнүндө шаардын башкы архитектору Ш.Якубовдун 10-май 2015-ж № 26 каты жөнүндө
Сулукту шаарынын Боконбаев көчөсүндөгү коомдук борбордун дыкат пландоо долбоору жөнүндө шаардын башкы архитектору Ш.Якубовдун 10-май 2015-ж №26 каты жөнүндө муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын жана шаардын башкы архитектору Ш.Якубовдун, шаардын I-вице мэри Б.Ташевдин билдируулорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 2-пунктунун негизинде Сулукту шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын Боконбаев көчөсүндөгү коомдук борбордун дыкат пландоо жөнүндөгу долбоору бекитилсин. (пландын долбоору тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице мэри Б.Ташевге жана шаардын башкы архитектору Ш.Якубовго тапшырылсын
3. Бул токтомду козомолдоо жагы шаардык кенештин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сулукту шаардык кеңештин төрагасы |
К. Исмаилов |