Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-октябры № 18/69
Нариман айыл Өкмөтүнүн Жийделик айылында Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн гранты эсебинен курулуучу мектеп үчүн жер аянтын өткөрүп берүү жөнүндө
Бул боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн жер адиси Ш.Мамажановдун, Нариман айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары И.Пратовдун Жийделик айылында 5955 адам, Жим айылында 3627 адам, Жаны Маала айылында 4260 адам жашайт, ошол себептен бул айылдардагы 2 мектепте 3 сменада окуу жүргүзүлөт, ал айылдарда эл коп болгондуктан мектеп жетишсиз. Ошондуктан мектеп куруу үчүн 2,3 га жер аянты Нариман айылдык Кеңешинин 25.01.2014-жыл № 12/44 токтому менен мөөнөтсүз пайдаланууга болуп берилген. Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 19.09.2014-жылдагы № 728/4-8 катынын 3 пунктунда көрсөтүлгөндөй ал мектеп курулуучу 2,3 га жер аянтын Ош шаардык мэриясына бир айлык мөөнөттө өткөрүп берүү жөнүндө маалымат берди, андан кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдьшдагы өзүн езү башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттигинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү Р.Жолдошовтун билдирүүсүн угуп талкуулап Нариман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл Өкмөтүнүн Жийделик айылында мектеп куруу үчүн бөлүнгөн 2,3 га жер аянты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн гранты эсебинен курулуучу мектеп үчүн Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн жер аянты Ош шаарына өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде алып баруу Нариман айыл Өкмөтүнө жүктөтүлсүн.
З. Ушул токтомдун аткарьшышын көзөмөлгө алуу жагы айьш өкмөтүнүн туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Хажибуваев |