Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2014-жылдын 10-ноябры № 28/1
Кадамжай сурма комбинатынын Жийделик айылындагы теплицасын муниципалдык мүлккө сатып алуу жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 5-ноябрь 2014 жылдын 1269 номериндеги кайрылуусу жана Жийделик айлынын тургундарынын кайрылууларынын карап чыгып, талкуулап, элдин социалдык абалын жакшыртуу максатында Кадамжай шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОАО Кадамжаймжай сурма комбинатына караштуу Жийделик айылындагы теплицаны Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине мыйзам чегинде, жергиликтуу бюджеттин эсебинен мүмкүнчүлүгүнө карап сатып алууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун биринчи пункту аткарылбаса ОАО КСКнын теплицасы элдин социалдык абалын жакшыртуу үчүн бала бакча, спорттук комплекс куруу максатында үч тараптуу келишим негизинде (1.0АОКСК, 2.Кадамжай шаардык мэриясы, 3.сатып алуучу) жеке ишкерлерге сатып алууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун 1,2 пункттары аткарылбай калса ОАО КСКнын жетекчилигине теплицаны сатууну убактулуу токтотуу жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин каржы,бюджет жана пландоо жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |