Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-июну № 2017-П-12/25-10-(НФКУ)
"Адистештирилген финансы-кредит уюму - "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Адистештирилген финансы-кредит уюму - "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 17/1 "Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын кызмат адамдарын макулдашуу тартиби жөнүндө" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 30/14 "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-кредит мекемесин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобо тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы № 50/7 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/10 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы жана ушул токтомго карата тиркеменин 2-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун алтынчы жана он сегизинчи абзацтары жана ушул токтомго карата тиркеменин 5 жана 17-пункттары;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун он экинчи абзацы жана ушул токтомго карата тиркеменин 11-пункту.
3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен кредиттик союздарды жана "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомун тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Абдыгулов |