Редакцияот 16.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Кара-Булак айылдык кеңеши V чакырылышынын 18-сессиясы

 

2015-жылдын 16-январы № 5

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылында жаныдан курулган кичи футбол аянтчасын ижарага берүү жөнүндө

Кара-Булак жана Бужум айылдарынын жаштарынын кайрылуу катынын жана Бужум айылынын тургуну Мийзамов Камалдын арызынын негизинде Кара-Булак айылдык Кенешинин V - чакырылышынын 18-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылында жаныдан курулган кичи футбол аянтчасы Бужум айылынын тургуну К.Мийзамовго ижарага берилсин.

2. Ижара акысы 1 саат үчүн 400 сом, 1 айга 20000 (жыйырма мин) сом өлчөмүндө белгиленсин.

3. Ижара ээси менен келишимдерди түзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Абдрахмановага тапшырылсын.

 

Kapa-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Эрматов