Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № 4
Жекенди айылдык аймагынын 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинии киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 15814,2 сомго, бюджеттин чыгаша бөлүгү 14122,2 сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
2. Жекенди айылдык аймагынын 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айылдык аймактын башчысы Н.Акматовдун доклады канаатандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Н.Акматовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.
Жекенди айылдык кеңештин төрагасы |
З. Амирбеков |