Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2015-жылдын 18-февралы № 7
Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай өз алдынча баланстагы токойчулугунун «Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш паркына» өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай өз алдынча баланстагы токойчулугунун башчысы К.Жапаровдун 2015-жылдын 12-февралындагы Чон-Алай өз алдынча баланстагы токойчулугунун «Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш паркына» өткөрүү боюнча кайрылуу катын карап, талкуулап
Жекенди айылдык аймактык Кенешинин бешинчи чакырылышынын он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай өз алдынча баланстагы токойчулугу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Чоң-Алай өз алдынча баланстагы токойчулугуна караштуу жерлердин базасында «Чон-Алай мамлекеттик жаратылыш паркы» болуп түзүлүүсүнө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук-тартибин чыңдоо кеңештин иштери, депутаттык этика жана коомдук иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы |
З. Амирбеков |