Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезексиз XХII сессиясы
2015-жылдын 15-январы № 4
Сарай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал жандыктар үчүн пайдаланылган жайыт акысынын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Сарай айылдык аймагында Сарай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал жандыктары үчүн пайдаланылган жайыт акысынын төлөмдөрү боюнча жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, депутаттардын Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айылдык аймагында Сарай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал жандыктары үчүн пайдаланылган жайыт акысынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Жылкы - 185 (бир жүз сексен беш) сом.
2. Кара мал - 125 (бир жүз жыйырма беш) сом.
3. Жашбодомал-87(сексен жети) сом.
2. Кой-эчки - 25 (жыйырма беш) сом болуп төлөө тарифи бекитилсин.
3. Сарай айыл аймагындагы ижарага берилген жайыт жерлеринин ижара акысы 650 (алты жүз элуу) сом бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кеңешинин айыл чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |