Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 3
Билим берүү мекемелерине жана бала бакчаларына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн №49 Тельман жана №2 Н.Калмурзаев атындагы орто мектебинин от жагуучу казандарын жанылоо үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылындагы «Нурданек» балдар бакчасына 1даана компютер алып берүү жана Конурат айылындагы «Балбереке» балдар бакчасына балдар үчүн спорт аянтчасын куруу үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Сарай айыл аймагындагы 6 билим берүү мектептерине интерактивдүү доскаларды берүү үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Тийиштү акча каражатын бөлүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |