Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 7
Сарай айыл аймагынын арык каналдарды казып тазалоо жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн "Мөнгү-Суу" СПАсына арык каналдарды казып тазалоо жөнүндөгү маселени талкуулап чыгып Сарай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн “Мөнгү-Суу” СПАсына арык каналдарды казып тазалоо үчүн 600,0мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Сарай айыл өкмөтүндө 1,0га айыл чарба өсүмдүктөрүнө сугат суу берүү нормасы боюнча суунун төлөө тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Аталышы | Төлөө тарифи 1,0га сом |
1 | Пахта | 700сом |
2 | Тамеки | 800сом |
3 | Күздүк буудай | 700сом |
4 | Дандык жүгөрү | 700сом |
5 | Жашылча | 1000сом |
6 | Карташка | 1000сом |
7 | Күн карама | 700сом |
8 | Бак-дарак | 1000сом |
9 | Бакча(коон,дарбыз) | 1000сом |
10 | Беде чъп | 1000сом |
11 | Пияз | 3000сом |
12 | Шаалы | 3600сом |
3. Тийиштүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн фин-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |