Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 9
№3 “Мээрим”бала бакчасына жана жаш өспүрүмдөргө өнөр үйрөтүү үчүн акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө
Кара-Суу шаарындагы №3 “Мээрим” бала бакчасына курулуш материалдарын сатып алууга жана Тельман айылынын тургуну Социалистик эмгектин баатыры, А.Абдыраимовго жылына 36000 сом акча каражатын бөлүү, Киров айылынын тургуну Сакулова Кадычанын жаш өспүрүмдөргө өнөр үйрөтүүгө акчалай жардам берүү сунуштарын эске алып Сарай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарындагы № 3 “Мээрим” бала бакчасына жайкы беседкасын ремонттоо, курулуш материалдарын сатып алууга 70,0 мин сом акчалай жардам берилсин.
2. Киров айылынын тургуну Сакулова Кадича жаш өспүрүмдөргө өнөр үйрөтүүгө 10,0 мин сом акчалай жардам берилсин.
3. Сарай айыл аймагындагы Тельман айылынын тургуну Социалистик эмгектин баатыры, А.Абдыраимовго айына 3000 (үч мин) сомдон бөлүнүп берилсин.
4. Тийиштүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн фин-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |