Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 10
Жеке менчик турак жайдан намазкана ачуу жөнүндө
Киров айылынын Ак-Өргө жаны конушуна намазкана куруу үчүн Даниярбек уулу Таирбек өзүнүн менчик 0,4га жерин бөлүп берүү жөнүндөгү сунуш катын угуп жана талкуулап, депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Сарай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Киров айылынын Ак-Өргө жаны конушуна намазкана куруу үчүн, Даниярбек уулу Таирбектин өзүнүн менчик 0,4га жерин намазкана кылуу үчүн берилсин.
2. Кара-Суу райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы, Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы менен биргеликте Сарай айыл өкмөтүнө тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Бул намазкананын азыркы диний агымдарга каршы ар кандай терс көз караштардан алыс болуу жоопкерчилиги Д.Эрматовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айылдык депутаттарынын Кенешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Амановго жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |