Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 12
Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолдорунун жээктериндеги жайларды Сарай айыл өкмөтүнө авто токтоочу жай катары пайдалануу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолдорунун жээктериндеги жайларды айыл өкмөтүнө авто токтоочу жай катары пайдалануу жана анын тарифин бекитип, түшкөн пайданы бюджетке чегерүү боюнча маселени талкуулап чыгып Сарай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолдорунун жээктериндеги жайларды Сарай айыл өкмөтүнүн авто токтоочу жай катары пайдаланууга берилсин.
2. Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолунун жээгиндеги автопарковкага бир автомашинага бир келип токтоп кеткенине 20 сом тарифи бекитилсин.
3. Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолунун жээгиндеги автопарковкадан түшкөн акчаны Кара-Суу Эл базарынын айланасын ондоо түзөө, жашылдандыруу жана курулуш иштери үчүн Сарай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине чегерилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |