Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 13
Сарай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Бекмуратованын 2015-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Сарай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 138123,8 мин сом өлчөмүндө алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана ФЭБ нө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 35, анын ичинен ФЭБ башчысы 1, айыл башчылары 5, вус инспектору 5, башкы адис 5, жетектөөчү адис 6 жана адис-3, тейлөө кызматкерлери 4 штат бирдиги, КР өкмөтүнүн токтому №403 келишим менен 3 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин. Келишим менен иштеген кызматкерлерге КР өкмөтүнүн токтому №384 08.07.2013-жылдагы мыйзамы менен эмгек акы төлөнүп берилсин.
3. Сарай айыл өкөмтүнүн аппарат кызматкерлерине кварталдын жыйынтыгы менен профсоюздук чогулуштун чечими менен функционалдык милдетин жакшы аткарган кызматкерлерге бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлансын.
4. Эмгек келишиминин негизинде 5 штат бирдиги комуналдык тейлөө бөлүгүнөн кармалсын, КР өкмөтүнүн токтому №22 23. 01.2008-ж негизинде эгек акы төлөнүп берилсин.
5. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2015-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статияларга (эмгек акы, соц.фонд, дары дармек, тамак ашка чегерүү) каржылануусу менен белгиленсин.
6. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн..
7. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 6 айдын жыйынтыгы менен Сарай айылдык Кенешинин сессиясында каралсын.
8. Сарай айыл өкмөтүнүн 2014-жылы жумшалбай калган акча каражаты 2 162,7 мин сом кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
9. Сарай айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
10. Сарай айыл өкмөтүнүн кассада акча жүгүртүүсү 400 000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эканомика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |
| Сарай айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24-мартындагы кезектеги сессиясынын №13 токтомуна №1 тиркеме |
1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга карата бюджеттин божомолунун киреше жана чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
- 2016-жылга - 151 081,8 сом
- 2017-жылга - 168 162,8 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эканомика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.