Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 15
Ош-Кара-Суу жолунун жээгине тратуар төшөө, арча эгүү, суу латогун коюу жана түнкү чырактарды орнотуу жөнүндө
Сарай айыл аймагындагы Ош-Кара-Суу жолунун жээгине тратуар төшөө, арча эгүү, жана суу латокторун коюуу, түнкү чырактарды орнотуу, мыйзамсыз орнотулган столбалар, трансформаторлорду, жолдун жээгине эгилген дарактарды кыюу, жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Сарай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Кара-Суу жолунун жээгине тратуар төшөлүп суу латоктору орнотулсун, ага ылайык жолдун жээгиндеги буга чейинки орнотулган электр мамычалары жана трансформаторлор Кара-Суу райондук Электр тармактар ишканасынын макулдугу менен жылдырылсын.
2. Ош-Кара-Суу жолунун жээгиндеги тургундар эккен бак дарактар кыйылып тазалансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |