Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 16
Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлигинин 2015-жылдын
20-майындагы №14-01-2/5506 катына ылайык
2016-2018-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жергиликтүү Кеңеш
менен макулдашылган долбоорун бекитүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору жөнүндөгү атайын каты менен Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С. Бекмуратованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жергиликтүү Кеңештин бешинчи шайланган кезектүү 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сарай айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн макулдашылган долбоору айыл өкмөтүндө жайгашкан баардык салык төлөөчү ишкана-мекемелердин тизмесин тактоо менен 2014-жылда, 2015-жылдын 4 айы ичинде төлөнгөн салыктар боюнча жүргүзүлгөн эсеп-кысаптардын негизинде жүргүзүлсүн.
Сарай айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн макулдашылган бөлүгүнүн долбоору төмөндөкүдөй акча каражатынын эсебинде белгиленсин.
2016–жылдын долбоору – 142 423,3
2017–жылдын долбоору – 147 868,3
2018–жылдын долбоору – 150 001,6
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика финансы, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |