Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIII сессиясы
2015-жылдын 23-марты № 17
Сарай айылдык округунун аймагында “Сарай” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал жандыктары үчүн пайдаланылган жайыт акысынын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Сарай айылдык округунун аймагында “Сарай” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал жандыктары үчүн пайдаланылган жайыт акысынын төлөмдөрү боюнча жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, депутаттардын Сарай айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сарай айылдык округунун аймагында “Сарай” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал жандыктары үчүн пайдаланылган жайыт акысынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Мал жандыктар | Бир башка төлөнүүчү акы, сом |
| Кара мал | 125-00 |
| Жаш бодо мал | 87-00 |
| Кой - эчки | 25-00 |
| Жылкы | 125-00 |
| х | х |
2. Бекитилген өлчөм боюнча иш жүргүзүү жагы “Сарай” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Зульпукаров Гайыпназарга милдеттендирилсин.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |