Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIV сессиясы
2015-жылдын 6-ноябры № 2
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жерлерин пайдаланып келишим түзбөй жүргөн жарандарга чара колдонуу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жерлерин (жер тилкелерин) пайдаланып келишим түзбөй жарандар боюнча сын сунуштарды угуп, Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижарачылар 2015-жылдын 15-январындагы кезектеги 22-сесссиясынын №1-токтомунун №1 тиркемесинде көрсөтүлгөн тариф менен төлөнсүн.
2. Айыл чарба багытындагы эмес жерлерге ижара келишимдерин түзбөгөн жарандарды тийиштүү органдарга өткөрүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |