Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIV сессиясы
2015-жылдын 6-ноябры № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн Ак-Өргө жаңы конушуна жеке бала бакча ачуу уруксат берүү жөнүндө
Сарай айылдык өкмөтүнүн Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну Р.Абдрасулованын үйүнө жеке бала бакча ачуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну Р.Абдрасулованын үйүнө жеке бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2. Р.Абдрасулованын жеке үйүн бала бакча ачуу үчүн санитардык абалга жана кышкысын жылуу шарттарды камсыз кылуусун көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |